16.04.2018 17:30

Памирлик кыргыздар: Кыргызстандагы - жарым жыл

Памирлик кыргыздар: Кыргызстандагы -  жарым жыл

Алар Памир тоолорунда жүздөгөн жылдар бою жашап келишкен. Алардын өздөрүнүн маданияты, үрп-адаты жана салты бар. Алар - көптөгөн жылдардан кийин тарыхый мекени Кыргызстанга кайтып келген памирлик кыргыздар. Оогандын бийик тоолорунан көчүп келген тогуз үй-бүлө эми Нарынды байырлап, жаңы жайга ыңгайлашууда. Алар үчүн баардык нерсе жаңы жана таң калыштуу. Кээ бир көрүнүштөр көңүлдөрүнө төп келсе, айрым учурларга эч качан көнө алышпайт.   

 April.kg кабарчылары Нарындагы памирлик кыргыздар менен жолугуп, Кыргызстанда жашаган жарым жыл ичинде жашоолору кандай өзгөргөнүн билип келишти.