16.05.2019 10:11
Панфилов сейил багында чыккан өрттөн экзотикалык жаныбарлар күйүп кетти

© Sputnik
Бишкекте Панфилов сейил багында жайгашкан кафеде чыккан өрттөн экзотикалык жаныбарлар күйүп кетти. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 15-майдан 16-майга караган түнү чыккан. Өрт өчүрүүчүлөргө билдирүү түнкү саат 00:48де келип түшүп, саат 3:32де толугу менен өчүрүлгөн.
«Өрттөн жалпы аянты 400 чарчы метр «Живая экзотика» кичи зоопаркы, «Деревяшка» кафеси жана экзотикалык жаныбарлар күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда», - деп билдирди басма сөз кызматы.

interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: