10.04.2018 11:30

Парламентке Индира Жолдубаеваны башкы прокурор кызматынан бошотуу сунуштамасы киргизилди

Парламентке Индира Жолдубаеваны башкы прокурор кызматынан бошотуу сунуштамасы киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков парламентке Индира Жолдубаеваны Башкы прокурор кызматынан бошотуу сунуштамасын киргизди.  Мамлекет башчынын сунуштамасын алгач конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап чыгат. 

Комитет мүчөлөрүн сунуштама менен Президент Аппаратынын жетекчиси Мухамедкалый Абылгазиев тааныштырмакчы. Бул туурасында комитеттен билдиришти.

Эскерте кетсек, «Ата Мекен» жана  «Республика — Ата Журт» фракциялары Башкы прокурордун 2017-жылдагы ишмердүүлүгүн “ канааттандыраарлык эмес”  деп тапкан.