17.04.2018 15:19

Патенттик негиздеги иштердин түрлөрүнүн тизмеси кыскарат

Патенттик негиздеги иштердин түрлөрүнүн тизмеси кыскарат

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимов ЖИА бизнес ассоциациясынын мүчөлөрү –ишкерлер менен жолугушту. Анда катышуучулар салык чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулашты. Алсак, ишкерлер ЕАЭБдин алкагында товарларды алып өтүүдө салык жол-жоболору, салыктык каттоону колдонуудагы механизми, ККМ онлайнды киргизүү, сатуу салыгы, Маалымат борборунун ишмердиги, патент системасы менен байланышкан жана башка темадагы, чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү билдиришти.

Бир катар ишкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорт кылуу максатында салыктык каттоо жөнүндө маалымкатты берүү механизмин кайра карап чыгууну сунуш кылышты.

Маалымат борборунун көрсөткөн кызматтарынын сапаты жана ыкчамдуулугу боюнча сын-пикирлер айтылды. Ошондой эле, ишкерлер сатуу салыгы жоюлаарына, күрөөканаларды  (патенттик негизде иш алып барган) ККМ онлайнга өткөрүү эмнеге негизделгендигине кызыгышты. Эсеп-фактуралардын ыйгарылган серияларынын жана номерлеринин санына коюлган чектөөлөрдү алып салуу, айыл жергесиндеги ишкерлер үчүн келечекте патенттин айрым түрлөрүн калтыруу, ошондой эле, субьекттер тарабынан КНС боюнча ашыкча төлөмдөрдү кайтаруу жана ордун толтурууну алуу боюнча көйгөйлөр тууралуу сунуштар айтылды.

Маалымат борборунун ишмердиги боюнча МСКнын төрагасы О.Абдыкаимов январь-март айларында өткөрүлгөн Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампанияга байланыштуу кызматкерлердин иши көбөйгөндүгү, ошондой эле, көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына квалификацияланган кадрлардын жетишсиздиги да таасирин тийгизбей койбогондугу менен түшүндүрдү.

Дистрибьютордук компаниялар үчүн КНС боюнча кандайдыр бир жеңилдиктерди берүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушу боюнча Салык кызматынын жетекчиси КНС боюнча кайсыл бир кошумча жеңилдиктерди берүүгө каршылыгын билдирди. “Менин жеке көз карашымда – КНС боюнча кошумча жеңилдиктер  болбошу керек. Тескерисинче, жеңилдиктерди азайтуу зарыл. Бул дүйнөлүк практикада ушундай”, – деп билдирди О.Абдыкаимов.

Ошондой эле, ломбарддардын (патенттик негизде иш алып барган) ККМ онлайнды колдонуу боюнча милдеттенмелерине тийиштүү белгиленген талаптарга ылайык алар ККМ колдонууга милдеттүү экендигин жана бул талаптарда ломбарддардын өзгөчөлүктөрү эске алынгандыгын белгиледи.

Патент системасы боюнча көтөрүлгөн маселелерди түшүндүрүп жатып О. Абдыкаимов патенттик негиздеги иштердин түрлөрүнүн тизмеси кыскараарын жана ал жеке өзү патенттик системаны кыскартуу үчүн экенини белгиледи. “Патент менен чакан ишкерлер иштеши керек, бул фискалдык саясаттын тийиштүү концепциясында чагылдырылган. Патенттик негизде айыл жеринде иштин кандайдыр бир түрүн ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө болот”, -деп кошумчалады ал.

Сатуу салыгын жоюу маселеси боюнча акыркы жылдар аралыгында бул салыктын ставкасы акырындап азайып жаткандыгын, мындан тышкары, накталай эмес формада төлөнгөндөр үчүн нөлдүк ставка колдонулаарын жана КР чегинен тышкары жеткирүүлөрдөн жана экспорттук жеткирүүлөрдөн бул салык төлөнбөй тургандыгын көрсөттү.