14.09.2018 15:07

Пенсионерди салбай кеткен айдоочу иштеген фирма жетекчиси кечирим сурады

Пенсионерди салбай кеткен  айдоочу иштеген фирма жетекчиси кечирим сурады

Пенсионерди албай кеткен №223 маршруттук таксинин айдоочусу үчүн ал иштеген фирманын жетекчиси кечирим сурады. Бул тасманы Шаардык мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев Фейсбуктагы баракчасына жүктөдү.

Тасмада «Кут консун» ЖЧКсынын жетекчиси пенсионер маршруттук таксини аялдамада эмес, көчө боюнда тоскондуктан айдоочу айдап кеткенин, бирок адамдык сапат жагынан алып караганда туура эмес иш кылгандыгын айтып аксакалдан жана Бишкек шаарынын тургундарынан өзүнүн жана айдоочунун атынан кечирим сурады.

Буга чейин Бишкекте №223 маршрутканын айдоочусу жөнөкөй кийинген кары адамга унаасынын эшигин ачпай жүрүп кеткени тартылган тасма жарыяланган. Бул ЖМКларда тарап кетип, айдоочунун жоругу катуу сынга кабылган.

Мындан улам, мэрия айдоочу жана ал иштеген фирма жетекчиси Шаардык транспорт башкармалыгына чакырылганын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте териштирүү жүргүзүлөрүн маалымдалган.