Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-июнда, эки күндүк жумушчу сапары менен Баткен облусуна барат.
Өкмөт башчы сел жүргөн Лейлек районунун Чимген жана Катран айылдарына, Баткен районунун Кара-Бак айылына барат, ошондой эле турак үйлөрдүн жана көпүрөлөрдүн абалы менен таанышат.
Мындан тышкары Премьер-министр Исфана-Кайрагач унаа жолунун Сүлүктү шаарындагы Кызыл-Бел тилкесинин жана Кулунду-Батыш тилкесиндеги көпүрөнүн курулушунун абалы менен таанышып чыгат.
Сапардын жүрүшүңдө Мухаммедкалый Абылгазиев Кайрагач тилкесиндеги жана Лейлек районунун Кулунду айылында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы.
Ошондой эле чектеш Максат айылынын жашоочулары менен жолугушуусу пландалууда.
Жумушчу сапарынын соңунда Премьер-министр Баткен шаарында бир катар социалдык объектилердин жана кайра иштетүү ишканаларынын абалы менен таанышат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: