12.04.2018 14:27

Президент аппаратынын кызматкерлери биринчилерден болуп тест тапшырышат

10-апрелден баштап, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшерилип баштайт. Сынакты «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери алмакчы.  

Тест алууда эки топ иштейт: бир топ Бишкек шаарындагы кызматкерлерди текшерсе, экинчи ыкчам топ аймактарда сынак жүргүзөт.

Алдын-ала маалыматка ылайык, өлкө боюнча 24 миң 467 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тест тапшырат, алардын 7 миң 785и  Бишкек шаарында болсо, 16 миң 682 кызматкер аймактарда.

Тесттер мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ылайыкталып  түзүлгөн. Биринчилерден болуп Президент Аппаратынын кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээли текшерилет.