11.11.2019 15:31
Президент дайындаган судьялар: фамилиялары
Бүгүн, 11- ноябрда Нарын, Талас, Чүй жана Ош облустарынын жергиликтүү сотторуна дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.
Эскерте кетсек, жаңы судьяларды дайындаган буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков 6-ноябрда кол койгон. Ага ылайык:
- Нарын облустук сотуна Арзыкулова Гүлсүн Абдыевна,
- Талас облустук сотуна Ибраимов Бакыт Молдозакович, Кенжеев Марсель Майрамбекович,
- Чүй облусунун Кемин райондук сотуна Сатарбек уулу Мирбек,
- Ош облусунун Алай райондук сотуна Кожомкулов Алайбек Рамазанович,
- Ош облусунун Араван райондук сотуна Бакалбаев Тилек Калмаматович,
- Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотуна Базарбаев Канатбек Туратбекович,
- Ош облусунун Ноокат райондук сотуна Абдираев Азамат Парпиевич,
- Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотуна Раимкулов Эрмек Раимкулович дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары К. Бокоев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: