09.05.2018 17:13

Президент Европа комиссиясынын төрагасын Европа күнү менен куттуктады

Президент Европа комиссиясынын төрагасын Европа күнү менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Европа комиссиясынын Төрагасы Жан-Клод Юнкерге Европа күнүнө байланыштуу куттуктоо жолдоду.

“Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин кызматташуусу бекемделип, биз тараптардын кызыкчылыгына жoоп берген көптөгөн чөйрөлөрдө тыгыз байланышты тереңдете алганыбызга өзүмдүн канааттанганымды билдирем.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Европа бирлиги менен мамилeлери өз ара пайдалуy өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулуусу менен айырмалaнат. Бизди сөз эркиндигин, коопсуздукту, адам укyгун, ошoндой эле укуктун үстөмдүгүн камcыз кылyуну жaктагандыгыбыз бириктирип турат.

Учуpдан пайдaланып, Юнкер мыpза Сизгe бекем ден coолук, бакубаттык жана жогорку кызмат ордундагы ишиңизгe мындан apкы ийгиликтeрди каaлайм”, -деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.