29.05.2018 11:52

Президент КР Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады

Президент КР Куралдуу күчтөрдүн күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда Кыргызстандын аскер кызматкерлерин өлкөнүн Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Мамлекет башчысы куттуктоо текстинде «аскер мамлекеттин ажырагыс атрибуту жана таянычы» экенин айтып, «биздин жаш республикабыз үчүн Куралдуу күчтөрдү калыптандыруу оңой-олтоң болгон жок», -деп белгилейт.

Текстте акыркы жылдары аскерге болгон мамиле жакшырганы, мамлекет бул багытта жигердүү ишин мындан ары да улантаары айтылат.

«Биз ар дайым аймактык бүтүндүктү жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого даяр болушубуз керек. Кыргызстандын азыркы аскери алдыга коюлган бардык милдеттерди татыктуу аткарат деп ишенем. Сиздерге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана кесиптик ийгиликтерди каалайм», -деп жазылат куттуктоо текстинде.