Президент «Шамалды-Сай» заставасынын чек арачыларына 250 миң сомдук сертификат тапшырды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапарынын алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы 2027-аскер бөлүгүнүн «Шамалды-Сай» чек ара заставасынын жаңы комплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө чек арачылар талыкпаган кызматы менен элибиздин бейкут жашоосун, тынчтыгын, Кыргызстандын чек араларынын бекемдигин камсыз кылып жаткандыгын белгилеп, аларга ыраазычылык билдирди.
“Азыркы күндө Кыргызстандын чек араларын бекем, кыраакылык менен коргоо - эң маанилүү маселе деп эсептейм. Ар кандай терроризм жана экстремизм коркунучтары болуп жаткан азыркы мезгилде чек араны бекем коргоодон өтөөр милдет да, кызмат да жок.”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент чек арачылардын социалдык маселесин чечүү багытында да бир топ жылыштар бар экендигин баса белгилеп, чек арачылар үчүн турак-жай, инфраструктура курулуп жатат, бул иш мындан ары да улантыла берет деп ишендирди.
Мамлекет башчысы чек арачыларды жаңы комплекстин ачылышы менен куттуктап, аларга чың ден-соолук, кызматтарына ийгиликтерди каалап, 250 миң сомдук сертификатты тапшырды.
Жаңы комплексти кыдырып чыгып Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачылар менен бирге жоокердин тамагынан ооз тийди, чек арачынын үй-бүлөсү менен чай ичип, жергиликтүү жашоочулар менен аңгемелешти.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: