12.04.2018 17:39

Президент Сооронбай Жээнбеков Ханзаада Карим Ага-Хан менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Ханзаада Карим Ага-Хан менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Брюсселде Ханзаада  Карим Ага-Хан менен жолугушту. Бул туурасында президент аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы Ага-Хан Фонду тарабынан Кыргызстандын билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарбасы, чакан жана орто бизнес чөйрөлөрүндө жана банк секторунда бир катар долбоорлордун жана программалардын натыйжалуу жүзөгө ашырылып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинин биринчи кампусунун жана 15 жылдан бери кыргызстандык жаштарга  сапаттуу билим берип жаткан Ош шаарындагы Ага-Хан мектебинин ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.

“Биз тоолуу региондорду колдоо жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча программалардын жүзөгө ашырылып жатышын колдойбуз. Бул абдан олуттуу колдоо», - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады жана Ага-Хандын өнүктүрүү тармагы Кыргызстанда биргелешкен долбоорлорду жана программаларды жүзөгө ашырууга мындан ары да жигердүү катышат деп үмүттөнөөрүн билдирди.

Ханзаада Карим Ага-Хан  Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады жана бул жогорку кызматта ага ийгиликтерди каалады.

Ал Фонддун долбоорлорун жүзөгө ашырууну кубаттап, колдогону үчүн Кыргызстандын бийликтерине ыраазы экенин белгиледи. Принц Карим Ага-Хан кызматташууну мындан дагы күчөтүүгө даяр экенин баса белгилеп, бардык башталган долбоорлор улантыла турганын билдирди. Андан тышкары, Ага-Хан өнүктүрүү тармагынын пландары, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү долбоорлору, тактап айтканда, Кыргызстандын тоолуу региондорунда балдар бакчасын ачуу долбоору тууралуу кыскача айтып берди.