Президент С.Жээнбеков Меркелди Германиянын канцлери кызматына кайра шайланышы менен куттуктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков шаршембиде,14-мартта Ангела Меркелдин Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышына байланыштуу куттуктоо телеграмма жөнөттү. Бул туурасында Президент Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
«Сиздин Германиянын Федералдык канцлеринин кызматына кайрадан шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элдин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем. Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми Германия Федеративдүү Республикасынын дос элине тынчтык жана бакубатчылык каалайм», - деп белгиленет Президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: