Президент тандаган сотторду парламент шайлап берди
Жогорку Кеӊеш Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлерди шайлап, тиешелүү токтомду кабыл алды.
Алар: Мукамбет Касымалиев, Мээргүл Бобукеева, Латип Жумабаев 7 жылдык мөөнөт менен бекитилишти.
Аталган фемида өкүлдөрүн президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.
Талапкерлер депутаттардын буга чейинки иш тажрыйбалары, Конститутциялык палатанын иш-милдеттери, мыйзамдарда орун алган оош-кыйыштар, судьялардын аларга карата мамилеси, жарандар тарабынан судьялардын дарегине айтылган сын-пикирлер, өздөрүнүн тапшырган бирдиктүү салыктык декларациялары, ар жылдык жеке кирешелери жөнүндө суроолоруна жооп беришти.
Бүгүн алар ант берип, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: