14.09.2018 13:39

Пригородное айылынын балдары кооптуу аймакта жайгашкан мектепте билим алып жатышабы?

Пригородное айылынын балдары кооптуу аймакта жайгашкан мектепте билим алып жатышабы?

Пригородный айылында мектеп күйдүргүнүн очогунун жанында курулган. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда ЖК депутаты Пархат Тулендыбаев билдирди

Эл өкүлүнүн айтымында, мектептердин жетишсиздиги көйгөйү Бишкек шаарында эле эмес, Чүй облусунда да бар. Буга мисал катары Тулендыбаев Озерное айылында 3 эсе көп балдар билим алып жатканын келтирди. 

Пригородный айылындагы мектепте балдар 4 смена менен окушат. 320 окуучуга ылайыкталган окуу жайда 1500 бала билим алат. Мектепке улап имарат салуу үчүн тилке бөлүнүп берилген менен Мамлекеттик экотехинспекция ал жерге жакын аймакта күйдүргүнүн очогу бар экенин айтып, курулуш иштерин токтотуп койгон.  

«Мектеп 1967-жылы салынган, күйдүргүнүн очогу  ал жерде кайдан пайда болду?», -деп нааразыланды депутат.

Билим берүү министрлигинин өкүлү мындай көйгөй жаралганын тастыктады. Жаңы имаратты курууну каржылоого макул болгон Сауд Аравиялык фонд бул маселени чечүүнү же башка тилке берүүнү өтүнгөн. Азыр бул маселе каралып жатканы айтылды.