23.05.2018 13:30

Программисттер vs. академиктер: талаштуу имарат

Улуттук илимдер академиясындагы имаратка байланыштуу чыр-чатак чыкты. Автоматика жана маалымат технологиялар институту Өкмөттүн токтомуна ылайык Жогорку Технологиялар паркынын дирекциясына берилиши керек эле. Бирок, мекеменин кызматкерлери эч жакка көчүүнү каалабай жатышат. Анткени, алардын бараар жери жок, 80 кызматкер, жабдуулары менен кошо көчөдө калганы турушат. Ошол эле учурда Жогорку Технологиялар паркы да өлкөнүн экономикасына олчойгон киреше алып келчү мекемеге айланчудай.