12.02.2019 15:02

Прокуратура Сапар Исаковдун иши сотко өткөнү тууралуу анын жактоочусун кабардар кылган эмес

Прокуратура Сапар Исаковдун иши сотко өткөнү тууралуу анын жактоочусун кабардар кылган эмес

Прокуратура Сапар Исаковдун иши сотко өткөнү тууралуу анын жактоочусун кабардар кылган эмес. Бул тууралуу Нурбек Токтакуновдун сөзүнө таянуу менен КСДПнын маалымат кызматынан билдиришти. 

Жактоочунун маалыматына караганда, Башкы прокуратура Сапар Исаковду коррупцияны уюштуруу жана жетектөөгө айыптаган кылмыш ишин жана дагы 7 айыпталуучунун ишин Свердлов райондук сотуна өткөрүп берген. 

КР Жазык-процесстик кодексинин 254-беренесине ылайык, прокуратура ишти сотко өткөрүп жатып, бул жөнүндө жактоочуларын кабардар кылышы керек.  Бирок, прокуратура тараптан бул тартип аткарылган жок.  «Иштин Свердлов райондук сотуна жиберилгенин мен кабарчылардан уктум, андан кийин райондук сот бул маалыматты тастыктады», - деп билдирди жактоочу. 

Андан тышкары, адвокат ишти кароо судья Инара Гилязетдиновага тапшырылганын билдирди. «Бул судья менин мурунку иштеримди туура карап бергендиктен, ал жөнүндө менде өз ишин билген судья деген жакшы таасир калган. Бирок, ага Президент институтунан басым болот деген күмөн бар, алардын сот системасына таасири абдан күчтүү эмеспи», - дейт Токтакунов.

КР жазык-процесстик кодексине ылайык, судьяга иш келип түшкөндөн кийин алдын ала угууларды өткөрүүгө 10 күн берилет. Болжол менен ал 19-февралда өтөт жана жабык түрүндө болот.