06.02.2019 10:21

Прокуратура соттон Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табууну өтүндү

Прокуратура соттон Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табууну өтүндү

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, сотко кайрылды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. 

Хашим Зайналиевге Саламаттыкты сактоо министрлигинен лицензия берилген эмес, андыктан, мекеменин анын алдын алуу, диагноз коюу жана дарылоо ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө укугу жок болгон.

«Жарандардын саламаттыгын сактоо тууралуу» Мыйзамга ылайык, физикалык жана юридикалык жактар тиешелүү мамлекеттик органдан лицензия алган соң гана медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк менен  алектене алат.  Хашим Зайналиевге козголгон кылмыш иштерин эсепке алуу менен Октябрь райондук сотуна анын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табуу арызы киргизилди», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан. 

Эскерте кетсек, коомчулук алгач ирет бул ээнбаш табып тууралуу 2 жыл мурун билип баштаган. Анда Зайналиев онкологиялык ооруга чалдыккан аялдын эмчегин наркозу жок кесип, аял каза тапкан. Аялдын туугандары тараптан арыз түшпөгөндүктөн, ачылган кылмыш иш жыл айланып кайра жабылган.

2018-жылдын ноябрь айында табыптын кылтагына илинип, анын табышмактуу дарылоосунан абалы начарлап кеткен 5 жаштагы кыз тууралуу ачыкка чыккан. Зайналиевге «Мыйзамсыз дарыгерлик» жана «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок, кыздын ата-энеси арыз жазган эмес. 

Ошол эле жылы 20-декабрда Октябрь райондук ИИБге А.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Зайналиевге чара көрүүнү суранган. Арызда 2016-жылдын апрель айында кайненеси Зайналиевдин клиникасына кайрылганын көрсөткөн. Онкологиялык ооруга чалдыккандарды дарылоого укук берүүчү лицензиясы жок экенине карабай, табып аялды толук айыктырып берүүнү убадалап, клиникасына жаткырган. 

Бейтап июнь айына чейин анын көзөмөлүндө болгон. Бул үчүн Зайналиев аялдан 100 миң сом алып, июнда саламаттыгы өтө начарлаган абалда клиникасынан чыгарып салган. Аял каза тапкан.

22-декабрда бул факт боюнча Октябрь райондук ИИБдин Тергөө кызматы тарабынан «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

2019-жылдын 21-январында Октябрь райондук сотунда Зайналиевдин иши каралып, отурумда жабырлануучу тарап табыпка эч кандай доосу жок экенин билдиргендиктен, кылмыш иши токтотулган.