09.05.2018 11:29

Путин: 9-май – Россиянын жана Кыргызстандын элдери үчүн ыйык майрам

Путин: 9-май – Россиянын жана Кыргызстандын элдери үчүн ыйык майрам

Россиянын Президенти Владимир Путин Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын жарандарын куттуктады. 

«9-май – Россиянын жана Кыргызстандын элдери үчүн ыйык майрам. Ушул күнү майданда баатырдык менен салгылашкан, оорукта каармандык менен эмгектенген, Мекенибизди жана бардык адамзатты фашизмден сактап калган аталарыбызга жана чоң аталарыбызга сый-урмат көрсөтөбүз.

Алардын өлбөс-өчпөс эрдиги россиялык-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары чыңдоочу бекем пайдубал болуп, кылымдар бою жашай берерине ишенем», - деп белгиленет телеграммада.

Президент Владимир Путин Кыргызстанда жашаган ардагерлерге терең ыраазычылык билдирди жана аларга бекем ден-соолук, бакубатчылык, бак-таалай жана узун өмүр каалады.