Рафаэль Физиев: UFC’де өзүмдү көрсөтүүгө даярмын
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC’де алгачкы беттешин өткөрөт. Мушташ 20-апрелде саат 20:00дө Санкт-Петербургда болот. Анын атаандашы - орусиялык мушкер Магомед Мустафаев.
Рафаэль Физиев UFC Russia’га алдыдагы беттеш жана эже-сиңди Шевченколор тууралуу маек берди.
- Атаандашым – олуттуу, бул менин аралаш мушташтагы карьерамда катуу сыноо болот. Сокку берүүчүнүн планы ар дайым бирдей: мушташта өз стилиңди таңуулоо.
- Эже-сиңди Шевченколор менен сүйлөшөсүңбү? Сиздин жердештериңиз го.
- Албетте, сүйлөшүп турабыз. Мамилебиз жакшы. Алар бир аз убакыт мурун Tiger’ге келип кетишкен, болбосо, көптөн бери жолуга элекпиз. Алар Америкада ар кайсы жактарга көп чыгып кетишет. Сейрек жолуксак да, мамилебиз жакшы.
- Сен аларды Кыргызстанда кандай тосуп алганын көрдүңбү? Сени да ошондой тосуп алууларын каалайт белең?
- Мен Валентинаны ошентип тосуп алышаарын билгем. Аны коңшу мамлекеттердин президенттеринен да мыкты тосуп алышмак. Анткени, бизде спортту, аралаш мушташты аябай жакшы көрүшөт.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: