Равшан Жээнбеков ИИМге сурак берүүгө кирип кетти
Саясатчы Равшан Жээнбеков саат 15:00дө ИИМге суракка кирип кетти. Бул тууралуу жеринен April.kg кабарчысы билдирди.
«Кечээки окуялар боюнча саат 15:00гө чакырышыптыр, келдим», -деди саясатчы.
Эскерте кетсек, кечээ «Альфа» атайын кызматынын жоокерлери Алмазбек Атамбаевдин үйүндө экинчи ирет чабуул жасашкан. Кечке маал Алмазбек Атамбаев өз эрки менен колго түшүп берген.
Бүгүн, 9-августта анын тарапташтары ИИМге суракка чакырылып башташты. Алар КСДПнын Саясий Кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДП төрайымы Асель Кодуранова, анын орун басары Кундуз Жолдубаева.
Экс-президент өзү кечээ УКМКнын тергөө бөлүмүнө алынып келип, 26-августка чейин камакта калтырылган. КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязов 48 саатка кармалган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: