20.04.2018 10:00

Репрессия курмандыктары көмүлгөн жайды ачыктаган Бүбүйра Кыдыралиевага батир берилди

Репрессия курмандыктары көмүлгөн жайды ачыктаган Бүбүйра Кыдыралиевага батир берилди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сапар Исаков Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чоң- Таш айылындагы 1937-1938-жылкы репрессия курмандыктарынын жашырылган жайы тууралуу алгач маалымдаган жаран Бүбүйра Кыдыралиевага батирдин ачкычын тапшырды. Бул туурасында өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланышуу бөлүмү маалымдады. 

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу учурдагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин ордунда репрессия курмандыктары массалык түрдө жашырылгандыгына бала кезинде күбө болгон Бүбүйра Кыдыралиеванын жасаган ишинин тарыхый маанисин белгиледи.

Сапар Исаков ага чың ден-соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады. Бишкек шаарынын «Туңгуч» кичи районунда жайгашкан жаңы батирге Бүбүйра Кыдыралиеваны Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов коштоп келди.