16.10.2018 18:23

Ресторандагы аялдарды депутат таанышы менен коркуткан кытай жараны 5 суткага камакка алынды

Ресторандагы аялдарды депутат таанышы менен коркуткан кытай жараны 5 суткага камакка алынды

Бишкектеги ресторандардын биринде кыргыз аялдарды «депутатка чалам» деп коркуткан кытайлык жаран 5 суткага камалды, деп билдирет Бишкек шаардык ИИББ.

Буга чейин Фейсбук социалдык тармагында ресторанда отурган кыргыз аялдар менен кытай жаранынын ортосунда чатак чыгып, чет өлкөлүк жаран жергиликтүү аялдарды Жогорку Кеңештеги депутат таанышы менен коркутканы туурасында тасма жарыяланган. 

Бул материалдан кийин шаардык милиция Бишкек шаарында жашаган 47 жаштагы кытай жаранын кармаган. Анын айтуусуна караганда, окуя 13-октябрда «Император» ресторанында болгон. Достору, үй-бүлөсүнүн курчоосунда кайын атасынын туулган күнүн белгилеп жаткан кытай жараны спирт ичимдигин ичкендиктен кызып калып, агасы экөө «Туулган күнүң менен» аттуу ырды катуу ырдап башташкан. Кошуна столдо отурган кыргыз аялдарга бул жакпай калып, бири эскертүү берген.  

«Мындан улам, экөө айтышып кеткен. Кытай жараны депутатка чалам деп айтканын моюндады. Бул жоругу үчүн чет өлкөлүк жарандын эжеси аялдардан кечирим сураган. Ресторандын администрациясы чатакты ырбатпаш үчүн аялдарды башка кабинага алып кеткен», -деп жазылат маалыматта. 

Милиция кызматкерлери Административдик жоопкерчилик кодексинин 364-беренесине ылайык, чогулган материалды Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн. Бүгүн, 16-октябрда райсот чатак чыгарган жаранды жана анын агасын 5 суткага камакка алуу тууралуу чечим чыгарды.