08.06.2018 17:58

Рита Карасартова: Биздин соттордон, тергөөдөн акыйкаттыкты, чынчылдыкты күтпөгүлө

Рита Карасартова: Биздин соттордон, тергөөдөн акыйкаттыкты, чынчылдыкты күтпөгүлө

Кыргызстанда акыркы убактагы бир катар аткаминерлердин камалышы боюнча «Апрель-ТВ» телеканалы укук  коргоочу жана Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова  менен эфирде маек курду.

-Сиз ар дайым “Апрель” телеканалынын ишин катуу сындап келесиз.  Андыктан, бүгүн биздин “Жаңылыктар кечине” келип бергениңиз бир чети жагымдуу болсо, экинчи четинен күтүүсүз болду. Сизди өз позициясын бекем карманган , өз абийири астында чынчыл адам катары тааныйбыз. Айтсаңыз,  жогоруда аты аталган  аткаминерлердин камалышын кандай баалайсыз? Мында саясий боек барбы же чындап эле коррупция менен күрөш жүрүп жатабы?

- Бул камоолорду мен коррупция менен күрөш катары баалай албайм.  Бүгүнкү  күндө социалдык тармактарда  “эмне үчүн эч ким камалбайт”, “буга ким жооп берет”,  “дагы камалсын”,  “камалгандар аз болуп жатат” деген  сөздөр көп. Мына ушуларды уккандан кийин көз боемочулук кылып, элди ишендирүү максатында кимди курмандыкка чалсак деп тандап туруп эле камап салгандай ой келип жатат. 

Менимче, эгер  Сооронбай Шарипович чындап коррупция менен күрөшкүсү келсе, анда ишти УКМКны реформалоодон башташ керек.  Алгач эле Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын УКМКнын алдынан алып чыгуу зарыл. Бул кызматты убагында Алмазбек Шаршенович  Конституцияны бузуп туруп түзгөн. Ошон үчүн бүгүнкү күндө Коррупция менен күрөшүү кызматын Коопсуздук кызматынын карамагынан чыгаруу керек.  Эң жабык орган эч качан коррупция менен күрөшө албайт. Экинчиден,  кызматтык кылмыштардын баарын тергөөнү ошол эле УКМКга берип койгон, Коопсуздук кызматынан аны да алып чыгышы керек.  Коопсуздук кызматынын, терроризм, экстремизм менен эле  алек болгону жакшы. Коррупция менен күрөшүү үчүн көз карандысыз  тергөө комитетин түзүш керек. Алар жанагы бюджетте жөнөкөй эле чиновник болуп иштеп, бирок  чоң-чоң имараттарды салып, байлыкты басып аткан адамдардын декларациясын тыкыр текшерип, жеп алган акчаларын кайра бюджетке тартып келе турган болсо, кылганы үчүн кылмыш жообуна тартып камап салбай, айып пулга жыгып, акча ала турган болсо, мына ошондо коррупция менен күрөшүүдөн  натыйжа чыгат эле. Алар ири өлчөмдө айып пул төлөө менен жазаланмак,  экинчиден өзүбүздүн тышкы карызыбыздан кутулганга да мүмкүнчүлүк түзүлмөк.  Ал эми, бүгүнкү  аткаминерлерди камап салгандан ким пайда таап атат? Мамлекет чыгым болду, камалгандардын акчасы барып эле башка аткаминерлердин чөнтөгүнө түшөт.  Коррупция менен күрөшүп жатабыз дешкен менен, ошентип  бюджетке акча түшкөнүн көрбөйбүз. 

Бүгүнкү күндө биздин интервью берген аткаминерлер «соттун акыйкат өтөөрүнө ишенип туралы» деп айтып жатышат. «Калыстыкты күтүп атабыз», -деп бийлик отурат. Күтпөгүлө деп айтат элем баарына. Күтпөгүлө, бүгүнкү күндө бизде сапаттуу тергөө жок. Бүгүнкү күндө бизде көз карандысыз сот жок. Президент эмне десе эчтекени карабай туруп, адвокаттар кандай далилдерди келтирбесин, каратып туруп өкүм чыгарып берет. Анткен себеби биз канча жылдан бери ошондой системаны түздүк, кандай бийлик келсе дагы, баары бир кишиге иштеп берет. Бизде ошол система калыптанып калган. Бийликке келгендин баары ошол системаны колдонуп келе жатышат.  Бүгүнкү күндө бийликтер ортосундагы тең салмактуулук бузулган, ошону ордуна алып келиш керек. УКМК  бүт 3 бийлик бутагын колуна кармаган. А УКМК өзү  президенттин колунда. Бул туура эмес нерсе, эч качан өнүгүүгө алып келбейт.

- Кыргызстандын тарыхында тең салмактуулук сакталган учурлар болду беле?

-Болгондо деле бийликке келер менен өзүнүн ыйгарым укуктарынан ажыраганда кайра ордуна тургузуп алгандарын көргөм да. Азыр саясий атаандаштык бар, парламентаризм кандайдыр бир иретте иштеп жатат. Бирок, УКМК ар бир депутатка, ар бир сотко кылмыш иш козгоп коюп, аларды өз эркине койбой эле. Бийлик кандай маселе көтөрүп чыкпасын, жүздөн ашык депутат макул болуп бериш керек. Кандай иш келбесин, сот үн катпай туруп чечим чыгарып бериш керек. Ошондой система бийликке жагат экен. Ошон үчүн бүгүнкү күндө ким түрмөдө отурса, ага өзү да күнөөлүү. Анткени, өзү  бийликте жүргөн  кезде ушул системаны  бузуп койбогону үчүн өзүлөрү кайра курмандыкка чалынып атат.  Ошон үчүн бүгүн Сооронбай Шарипович да ойлонуш керек. Эртеңки күнү бийликтен кеткенде азыркы аткаминерлердин кейпин кийип калбайын десе, бүгүнтөн баштап реформаны башташ керек. Эгер ошол реформаларды жасаса, анын артынан өнүгүү да келет.

-ЖЭБди жаңылоо ишинде чыныгы күнөөкөрлөрдү тапканга мүмкүнчүлүк барбы?

-Бизде мындай жооптуу иштерде чоңдор эч качан кол койбойт, алар орун басарларына кол койдурушат, анан ошолор күнөөлүү болуп калат. Бүт тармактарда ошондой. Милиция менен прокурорлор орто жерде калат. Аларды камайлы десе, бизге өйдө жактан кысым көрсөткөн дейт. Анан ким жооп бериш керек? Эч ким. Баары тең эле  бийликте жүргөндө бирөөнүн буйрутмасын аткарып, бирөөнүн жашоосуна балта чаап, кыйын болуп жүрө беришет. Камалып калганда анан бир туугандары чыгат, баары ботодой боздоп ыйлайт, милициясы деле, прокурору деле. Ошон үчүн биз бүгүн ойлонушубуз керек. Мыйзамдуулуктун тегерегинде кадам таштабай турган болсок, биз ушинтип ар бир бийлик келгенде башка бир бийликтин артынан куугунтукка түшүп атып, эч качан өнүгүүгө барбайбыз. Биз Тажикстандан да  артта калдык. Биздин эмне өнүгүүгө укугубуз жокпу? Биз бүгүн ойлонушубуз керек, Сооронбай Шарипович бардык  саясий күчтөрдү чогултуп туруп, кантип өнүксөк болот деген суроону ортого кое турган болсо, биздин өнүккөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар да. Бирок, Сооронбай Шариповичте аз эле убакыт калды. Эки-үч айдын ичинде реформага барбаса, күздү күтүүнүн кажети жок. Азыртадан эле  өзгөрүү болбой жатканын көрүп, көп кишилердин үмүтү үзүлүп жатат. 

- Сөздү кайра камалган саясатчыларга бурсак, аларды шашылыш камап салуунун  кажети бар беле?  Же өлкөдөн качып кеткени жатышпаса, же тергөө иштерине басым кылышпаса...

- Биздин күч органдары бүгүнкү күндө башка  ыкманы билишпейт.  Алардын күчү камаганга эле жетет. Көп кишилер  камактан коркконунан акчасын да бере коет, башкасын да кыла коет. Экинчиден, бул элге да жагып калган. Ушунча кишини камап салды деп кол чаап отуруп калышат. Бул - статистика, мына биз күрөшүп атабыз, иштеп атабыз, аябай кыйратып атабыз деген. Чынын айтканда биздин кызматында  ошондой даражага жеткен ар бир аткаминердин аркасында канча бир идея, канча деген демилгелери бар. Ошондой билимдүү, тажрыйбалуу жарандарыбызды камай берсек, кандай болот? Ансыз да түрмөлөрүбүз толуп калды. Биз  бүгүн бала бакча салбай, мектеп салбай, түрмө сала турган мамлекетке айланып калдык. Ошондуктан, бул маселенин баарын ойлонуп туруп, коррупцияга каршы ачык-айкын күрөшүүнү  “Таза коомго” окшогон долбоорлор менен улантып кетип, ошондой долбоорлорду өнүктүрүп,  биздин IT- адистеринин продукциясын алдыга жылдыруу менен өнүгүп кетпесек, жөн эле камап отургандан пайда чыкпайт. Түрмөлөрдү салып, камалгандардын акчаларын башка бирөөлөрдүн чөнтөктөрүнө салып отура берсек, өзгөрүү болбойт.  Бийлик элге да жек көрүндү болот. Эл деле коррупциянын кесепеттеринен тажап бүттү.  

- «Таза коом» боюнча сөз кылсак, азыркы өкмөт бул ишти аягына чыгабы, алып кете алабы?

-  Жаңы өкмөттүн бул тууралуу сөз кылбай атканы мени өкүндүрүп жатат. Баары эле  Сапар Исаков баштаган ишти биз эмнеге улантмак элек деп ойлошот окшойт. Электрондук өкмөттү Сапар Исаков баштаган эмес,  муну мурунку бийлик айтып чыккан. Канча жылдан бери муну ишке ашыра албай коюшту эле, Сапар Исаков баштады. Башын баштап, презентациясын кылды. Жакшы башталган иш эле, биз да көргөнбүз. Эмне үчүн жакшы нерсени улантканга болбосун? «Түндүк» деген жакшы программа бар, «Коопсуз шаар» деген долбоор бар.  Эгер ушуларды ишке ашырбаса, анда чыныгы чыккынчы азыркы өкмөт болот. Анткен себеби, жөн эле камаган менен эч качан коррупцияны жеңе албайбыз. Биз «Таза коомго» окшогон долбоорлор менен коррупцияга бөгөөт коюп, алдыга жылышыбыз керек. Дүйнө жүзүнүн баары электрондук өкмөткө  өтүп атса, бизде эки министрликтин ортосундагы кат алмашууну дагы флешка менен  жасап отурабыз. Күлкүлүү нерсе, чынбы? 

- ЖЭБ чуусу боюнча ушуну менен тогуз аткаминер камалды. Алардын катарын дагы кимдер толукташы мүмкүн?

- Осмонбек Артыкбаев жөнүндө айтсам, көп учурда кол койбой койсо кылмышка тиешеси жок сымал бааланат.  Артыкбаев болсо бул келишимге укуктук дагы, экологиялык дагы экспертиза кереги жок деп кол коюп берген. Тендер өткөрүп жатканда арзан баа сунуштаган компанияны деле тандаса болмок да. Алар мектеп да салынып калсын деп, кымбатыраагын өткөрүшкөн. TBEA компаниясы мектепке деп бөлгөн акчаны Кубанычбек Кулматов деле жакшы ой менен котортуп кетти да.  Ал деле «Калыс-Ордо» конушу мектептүү болуп калсын деп ойлоду. Мына бүгүн анын курмандыгы болуп атат. Жантөрө Жолдошевичти айтсак,  ал дагы токтомдорду кабыл алган. Андан кийинки премьер-министрлер дагы өздөрүнө кандайдыр бир жоопкерчилик алышкан. Ошонун баары бүгүн чыгып атат. Бирок, мында кеп, ЖЭБди жаңылоодо тиешеси барлардын баарын камап жибериш керек дегенде эмес. Ким канча жеп алса, ошону ачыктап, ичкен-жегенин кустуруп алууда. Негизи мамлекеттик структурада иштеп жатып байып кеткендер - демек, убагында ичип-жегендер.  Андан башка вариант жок.  Кармалгандын баары кычыраган үйлөрдү, машиналарды минип жүрчү экенин көрдүк. Ошол акчанын баарын мамлекетке кайтарыш керек да, ошолордун эсебинен тышкы карызды жабыш керек. 

-  Аскарбек Шадиев качып кетиптир. Сиздин  оюңуз?

- Тигил же бул аткаминерге кылмыш иш козголот деп баштаганда эле биздин тартип сакчылар же УКМК чек арага өз буйрутмасын бериш керек. Биздикилер тескерисинче жаап-жашырат. Бир айга чейин Коопсуздук кызматы "жок, Шадиев Кыргызстанда, ал эч жакка качпайт" деп отурушту го. Буга чейин бир аралды сатып алып, Балкыбеков кетсе, эми Шадиев кетип калды. Суу кечип кетти дегенге ишенбейм. Мунун баары уюшулуп жасалып атат.

Бүгүнкү күндө баарыбыз  кайсы жол менен барышты чечишибиз керек. Болбосо, кыргыздар ушинтип эле бири-бирибизди камап, жеп отуруп, эч качан өнүгүүгө түшпөйбүз. Башка кошуна өлкөлөргө шылдың болуп отурабыз. Азыр баарыбыздын башыбызды бириктире турган президент болуп турат. Ушул учурдан пайдаланып, президентке кайрылып кетет элем,  ар кандай саясий күчтөрдү бириктирип, өлкө келечегин ойлоп, укуктуулук  жакка туура кадам таштайлык.