30.03.2018 10:49

Кыргызстанда аялдар арасында ичкиликке берилгендердин саны көбөйүүдө

Кыргызстанда аялдар арасында ичкиликке берилгендердин саны көбөйүүдө

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, 2017-жылы алкоголдук көз карандуулуктан жабыркаган 3161 адам Республикалык наркология борборуна (РНБ)  расмий каттоого турган. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 500 адамга аз. 

"Бирок, иш жүзүндө мындай адамдардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.   Жалпысынан ичкиликке берилгендердин саны азайган менен, аялдар арасында көбөйүүдө.  Мурда аялдар бөлүмүндө 15 орун болсо, эми дагы бешти кошууга аргасыз болдук",- деп билдирет Республикалык наркология борборунун директорунун орун басары Татьяна Борисова.

Борисова дагы бир олуттуу  көйгөй  катары өспүрүмдөрдү белгилейт. Алардын арасында спайс, карб, желим сыяктуу ууландыруучу заттарды жыттагандардын саны өсүп баратканы байкалган.  Булар  сөзсүз эле начар турган үй-бүлө балдары эмес. 

3 күн мурун РНБга  Бишкектин ар кайсы мектептеринде окуган 14-15 жаштагы 18 өспүрүм түшкөн. Алар  борбордон бир батирди суткасына  800 сом төлөп,  ижарага алып, ал жакта арак ичип, ар кайсы ууландыруучу  заттарды  жытташкан. Кошуналарынын айтымында, балкондон желим баштыктар тынымсыз учуп аткан.  

"Көйгөй, мамлекетте өспүрүмдөр үчүн наркологиялык кызматтын жоктугу. Мамлекетте ошондой эле калыбына келтирүүчү программалар да жок. Биз албетте, алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз, бирок ал жетишсиз", -деп билдирет нарколог.