17.09.2018 09:00

Россия 3,8 миң жаранды өлкөдөн чыгарды, арасында кыргыздар да бар

Россия 3,8 миң жаранды өлкөдөн чыгарды, арасында кыргыздар да бар

Россияда мыйзамсыз жүргөн  3 миң 847 мигрант өлкөдөн чыгарылды. Бул тууралуу Москва облусу боюнча Соттук приставдар федералдык кызматынын башкармалыгынан билдиришти.

Бардык мыйзам бузуучуларды сот приставдары Россия Федерациясынын мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин коштоп барышты. Өлкөдөн чыгарылып салынгандардын көпчүлүгүн КМШ мамлекеттеринин: Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары түзөт. 

Ошондой эле, араларында Синегал, Конго, Алжир жарандары да бар.  Алар Россиянын аймагында жүрүү жана иштөө мыйзамдарын бузуу беренелери боюнча айыпталып, соттук пристав менен беш жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.