26.09.2018 14:41

Россияда 11 кыргыз жаранына миграциялык тартипти бузганы үчүн айып салынды

Россияда 11 кыргыз жаранына миграциялык тартипти бузганы үчүн айып салынды

Россияда 11 кыргыз жаранына миграциялык тартипти бузганы үчүн айып салынды. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 25-сентябрда Россиянын тартип сакчылары тарабынан 15 кыргыз жараны кармалган. Элчилик кармалган жарандардын укугун коргоо максатында дароо жерине өкүлүн жиберген.

Алардын кийлигишүүсү менен бардык кармалган кыргыздар бошотулду, 11 жаранга миграциялык тартипти бузганы үчүн административдик айып салынды.

Бул окуядан улам, элчилик: «Ар бир кыргыз мигранты Россиянын аймагында каттоого туруу үчүн өз документтерин РФнын ИИМинин миграциялык кызматынын аймактык органына жеке өзү, ортомчунун кызматын колдонбой тапшырышы керек», -деп эскертет.