13.04.2018 11:30

Россияда адам өлтүрүп, издөөгө алынган жаран Кыргызстанда каракчылык кылды

Россияда адам өлтүрүп,  издөөгө алынган жаран Кыргызстанда каракчылык кылды

Калаа милициясы 3 адамды каракчылык кылуу беренеси менен колго түшүргөнүн билдирет.  Буга чейин эки шаар тургунунан укук коргоо органдарына бейтааныш адамдар кол салып, карактап кеткени тууралуу арыз түшкөн.

Арызда жазылгандай, 19-март күнү 23:00 чамасында 3 бейтааныш адам жаш жубайларга кол салып, күч колдонуу менен 35 миң сом акча каражатын, алтын жасалгасын жана  NOKIA-E72,  Редми-X4 чөнтөк телефондорун алып кеткен.

Бул факт Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгында катталып, 168-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын журүшүндө кылмышка шектүүлөр кармалды. Алар Жалал-Абад облусунун 27, 21, 24 жаштагы тургундары болуп чыкты.   

Кармалган 21 жаштагы М.Ф. Россия Федерациясында “киши өлтүрүү” жана “каракчылык” беренелери боюнча издөөдө экени аныкталды. Кылмышка шектүүлөр 2 айга тергөө изоляторуна киргизилди.

Иликтөө иштери уланууда.