10.06.2019 10:46

Россияда ичинде кыргыз жарандары бара жаткан бузук автобус токтотулду

Россияда ичинде кыргыз жарандары бара жаткан бузук автобус токтотулду

Россияда ичинде кыргыз жарандары бара жаткан бузук автобус токтотулду. Бул туурасында Красноярск аймагынын ИИМ Башкы башкармалыгынын расмий сайтында жарыяланды. 

Маалыматка караганда, мигранттар Красноярсктан Бишкекке келе жатышкан. Унаа ичинде 33 жүргүнчү болсо, алардын жетөө - кичине балдар. 

Автобустун техникалык абалын текшерүү учурунда тормозунда жана жарык берүүчү шаймандарында бузук жерлер бар экени аныкталган.  Андан тышкары, унаанын шиналары ар түрдүү моделде болгон.

Айдоочуга тиешелүү административдик документтер толтурулуп, автобус адистештирилген унаа жайга токтотулду. Жүргүнчүлөрдүн документтерин текшерүү учурунда эки адам миграциялык мыйзамды бузуу менен Россиянын аймагында жүргөнү аныкталган.