15.01.2019 12:09

Россияда кыргыздарды карактап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Россияда кыргыздарды карактап жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Москвада карактоо боюнча издөөдө жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, Москва шаарында жана Москва облусунда кыргыздардан турган топ мекендештеринен акча талап кылып, ар кандай оор кылмыштарды жасап жүрүшкөн.

2018-жылдын июль айында ИИМдин РФдагы Өкүлчүлүгү тарабынан жогорудагы кылмыштуу топко тиешеси барлардын өздүгү такталган. Кылмыштуу топту Москва шаары жана Москва облусу боюнча криминалдык дүйнөдө «Кароочу» макамы бар Ош облусунун 1986-жылы туулган Р.М. аттуу жашоочусу башкарып келгени белгилүү болгон.

Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Жасаган оор кылмыш иши үчүн издөөгө алынган. 2013-жылы топ адамдардын курамында Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында каракчылык менен кол салышкан жана тергөө органдарынан жашырынып жүргөн.

2019-жылдын 11-январь күнү аталган кылмыштуу топту кармоо, аныктоо жана мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү жана «Кароочу»  макамы бар  Р.М. аттуу топтун лидери дагы кармалган.

Аларга карата Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүмүндө (уурулук) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандары боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жарандардын жогоруда жасаган кылмыш иштери боюнча күнөө тагылып, Москва ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кармалган кылмышту топтун катышуучуларынын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы такталууда жана аталган топтун башка
мүчөлөрү аныкталууда.

Издөө салган тарап маалымдалды. Учурда Минск конвенциясына ылайык өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.