01.11.2018 14:59

Россияда кыргызстандык мигрант оор абалда ооруканага жеткирилди

Россияда кыргызстандык мигрант оор абалда ооруканага жеткирилди

Россияда кыргызстандык мигрант оор абалда ооруканага жеткирилди. Ал 2-3 метрлик бийиктиктен кулап кеткен. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

31 жаштагы Кыргызстан жараны 30-октябрь күнү түш чендерде Петербург шаарына жакын жайгашкан Парголово айылынан №3 Шаардык ооруканасына жеткирилген. 

Анын абалы оор экени айтылат: ал баш сөөгүнөн ачык жаракат алып, баш мээси жабыркап, кежигесине кан уюп, курсагы, төш сөөгү жабык жаракат алып, 1 -даражадагы травмалык шок абалында болгон. 

«Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат»,- деп билдирет басылма.