03.09.2018 18:03

Россияда полиция кызматкерин атып өлтүргөн адам мурунку кыргыз жараны экени айтылууда

Россияда полиция кызматкерин атып өлтүргөн адам мурунку кыргыз жараны экени айтылууда

Москва шаарынын «Курская» метросунда полиция кызматкерин өлтүргөнгө шектелип кармалган адам мурунку кыргыз жараны болуп чыкты. Бул туурасында орус басылмалары кабарлады.

2-сентябрдан 3нө караган түнү Москвада полиция кызматкери Андрей Райский киши колдуу болуп, каза тапкан. Ал жолдон өтүп бараткан кишини токтотуп, документ сураган. Сүйлөшүү учурунда эркек киши ажатканага суранып, полиция кызматкери кое берген. Анын көпкө жоголгонунан шекшип, Райский ажатканага кирип барганда, кылмышкер ага кол салып, тапанчасын тартып алып, эки ирет башка аткан.

Кылмыштын изи сууй электе колго түшкөн киши Оренбургда жашаган Нурлан Муратов болуп чыкты. Социалдык тармактарда кылмышкер жеңилдетилген шартта Россия жарандыгын алган мурунку кыргыз жараны деген маалыматтар чыгууда. Аны менен бирге, анын паспортунун сүрөтү да жарыяланды. 

Бул маалыматты РФ расмий органдары тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Ошондой эле, айрым орус ЖМКлары кылмышкер полиция кызматкерин өлтүргөн учурда мас абалында болгонун жазып чыгышты.