23.01.2019 17:03
Россияда сүннөткө отургузулган кыргыз бала оор абалда ооруканага жаткырылды
Россиянын Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык баланы сүннөткө отургузуу ийгиликсиз аяктап, ал оор абалда ооруканага жаткырылды. Бул туурасында Орусия ЖМКлары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 5 жаштагы кыргыз жаранын апасы 22-январь күнү түнкү саат 2:00лерде ооруканага алып келген. Көп кан жоготуп, 2 -даражадагы анемия менен келген баланы дарыгерлер дароо жаткырышкан.
Баланын атасы, 31 жаштагы мигрант 20-январь күнү уулун Спасский чолок көчөсүндөгү бир батирге алып барып, бейтааныш дарыгерге ырымдатканын моюнуна алган.
Учурда бул факт боюнча текшерүү жүрүүдө.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: