Россияда VIP- кардардын эсебинен 40 миллион рубль уурдаган банк кызматкерлери кармалды
Россиянын укук коргоо органынын кызматкерлери Санкт-Петербург шаарындагы Сбербанктын VIP- кардарынын эсебинен 40 млн рубль уурдаган шылуундар тобунун ишмердигинин алдын алышты. Кармалгандардын арасында Банк кызматкерлери дагы бар, деп билдирет «Интерфакс».
«Укук коргоо кызматкерлери Санкт-Петербург жана Нижний Новгород шаарларында кылмыштуу топтун тогуз мүчөсүн кармады. Алар банктын VIP-кардарынын эсебинен ири суммадагы акча уурдашкан. Муну кардардын акча каражатын сактык сертификаттарга которуу менен ишке ашырышкан», — деп айтылат маалыматта.
Кармалгандар арасында банктын бир нече кызматкери да болгон. «Шектүүлөр кардардын жеке эсебинен 40 млн рублге жакын акчаны сактык сертификаттарга которуп, аны Санкт-Петербургдагы банк бөлүмдөрүнөн накталай акчага алмаштырууну көздөшкөн», — деп билдирет булак.
Бул факт боюнча кылмыш иши ачылды.
Банк өз кезегинде кызматкерлерин жумуштан бошотуп, кардарга акчасын толук кайтарып бергенин билдирди.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: