06.08.2018 15:18

Россиядагы кыргыздар айылы каттоосуз калды

Россиядагы кыргыздар президенттен жардам сурап кайрылуу жасашты. Алар Тула облусунун Клишино аймагына түшкөн ири “Кыргыз айылы” жаңы конушунун тургундары. Кыргыз жарандары эми мыйзамдуу турдө сатып алган жер тилкелеринен, турак жайларынан кол жууп калышы мүмкүн. Анткени, облустагы жергиликтүү депутаттар жерди трансформациялоо боюнча мурдагы чечимин жокко чыгарып, документтеги курулуш аянттарын кайра эгин талаасы деп каттата башташкан. Бөтөн мамлекеттеги мекендештерибиздин көйгөйүн April.kg кабарчысы тыңдады.