Россияда кырсыктаган Чыңгыз Керимбек уулу жардамга муктаж

Россияда кырсыктаган Чыңгыз Керимбек уулу жардамга муктаж

Россиядан көп кабаттуу үйдөн кулап жамбашын сындырган Чыңгыз Керимбек уулун бүгүн Бишкекке жөнөтүшөт. Бул тууралуу April.kg порталына  жубайы Жазгүл Агашева билдирди.

Жазгүлдүн айтымында, жолдошунун Россияга кеткенине аз эле болгон. «Күйөөм  жетпеген жашоонун айынан иштеп келейин деп 6-февралда Россияга кеткен. Иштеп баштаганына 2 күндөй болгондо эле кырсыктады. Бийик кабаттардын үстүндөгү карды күрөп, терезе жууп иштечү. Кырсык болгон күнү байланган жиби үзүлүп кеткенби, же жетпей калганбы, кулап түшүптүр», -дейт жубайы.

Жуковский шаарынын дарыгерлери Чыңгызды рентгенге тартып, жамбаш сөөктөрү жана томуктары талкаланып кеткенин аныкташкан. Тез арада операция жасоо зарыл экенин айтып, баш-аягы 500-600 миң рубль сурашкан.

«Өзү иштегени жаңы эле барса, бизде андай акча жок эле. Иштеткен тарап 40 миң рубль бериптир. Кулап кеткенде өзү да билбей, «Тез жардам» чакыртпастан, өзүм жыгылдым деп, ооруканага такси менен жетиптир. Элчиликтен эгер өндүрүштүк жаракат деп «Тез жардам» унаасы менен барсаң, операция, жолуңа кете турган чыгымдын баарын жумуш берген тарапка төлөтүп бере алмакпыз, өзүң барган үчүн биз эчтеке алып бере албайбыз дептир», -деп билдирди Жазгүл. 

Анын айтымында, жолдошун Россиядан учак менен Кыргызстанга жеткирүү маселесин чечүү да кыйынга турду. «Ал жактан келиши оңой болгон жок. Азап менен келатат. Самолетко эле 100 миңден ашык акча кетти. Россиядагы  кыргыздар да көңүл кош калбай, жөнөтүүгө жардам беришиптир. Учурда Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун дарыгерлери менен сүйлөшүп жатабыз. Бул жактан операциясына канча сурашат билбейм. Анткени, дарыгерлер көрмөйүнчө эч нерсе айта албайбыз деп жатышат. Күйөөм акча таап келем деп кетип, ушундай кырсыкка кабылды. Бишкекте батирде турабыз. Мен иштебейм, 2 бала менен үйдөмүн. Кичүүсү 7 айлык, 4 айлык боюмда бар, буюрса, эгиз балалуу болобуз», -дейт жубайы. 

Жардам берүүнү каалагандар Жазгүл менен кабарлашсаңыздар болот .тел: 0708495851
Элсом:  0708495851