17.07.2018 16:51

Россияга кетип, 16 жыл дайынсыз жоголгон кыргыз жараны табылды

Россияга кетип, 16 жыл дайынсыз жоголгон кыргыз жараны табылды

Он алты жыл мурун Россияга иштегени кетип, дайынсыз жоголгон  кыргыз жараны табылды. Бул туурасында КР ИИМинин маалымат кызматынан April.kg порталына билдиришти.

Хусан Шарипов 2002-жылы эгизи менен Россия Федерациясынын Самара облусуна акча табуунун айласында кетишкен. Кийинчерээк аларга иниси кошулган. Бир нече ай иштеп туруп, эки бир тууганы Кыргызстанга кайтып, Хусан дагы иштеш үчүн Россияда калып калган. 2004-жылы акыркы жолу телефон аркылуу туугандары менен сүйлөшүп, ошол боюнча дайынсыз жоголгон.

Кишинин апасы менен бир туугандары аны таап берүү өтүнүчү менен бир нече жолу укук коргоо органдарына, мамлекеттик мекемелерге кайрылышкан. Ал тургай, Россиядагы Биринчи каналдын «Жди меня» берүүсү аркылуу издөөлөрү да натыйжа берген эмес.  

Туугандарында Хусан Шариповдун 20 жыл мурун Афганистандагы согуштун катышуучусунун күбөлүгүнө түшкөн сүрөтү гана болгон. Бул дагы издөө иштерин кыйла татаалданткан. Жакындары Россияга бир нече жолу келип издеген менен майнап чыккан эмес.

2017-жылы аны Самара облусунан көргөндөр болгон. ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө ал адам телефон аркылуу Хусанды сүрөттөп берген. Аталган облуста курулуш тармагында жана базарда эмгектенген 120дан ашуун адамдан сураштыруунун натыйжасында,  дайынсыз жоголгон адамдын акыркы жүргөн жери такталган. 

Дароо Самара облусунун Покровка айылына жөнөгөн КР Россиядагы Өкүлчүлүгү айыл тургундарынан айылда азиат улутундагы адам жашаарын билишкен. Айтылган дарек менен баргандар жоголгон Хусан Шариповду табышкан. Анын айтымында, Самарага келгенде жергиликтүү тургун аны иштетип алып, айтылган 2000 долларын бербей койгон. Башка жумушта иштеп, тапкан акчасына инисин мекенине жөнөткөн. Өзү дагы иштеш үчүн калып калган. Ар кай жерде, ар кандай жумушта иштеген менен көп учурда акчасын бербей коюшчу. Документтерин да жоготуп жиберген. Баарынан үмүтү үзүлүп, үйүнө куру кол кайткысы келбеген жаран ошол бойдон мекенине кетүүгө аракет кылбай, эч кимге керегим жок деп ойлоп жүрө берген. Туугандарынын аны издеп, Россияга бир нече жолу келип кеткенин билген эмес. 

«12-июлда 16 жылдан бери дайынсыз жоголгондордун тизмесинде жүргөн Хусан Шарипов Москвадагы Кыргызстан Элчилигине жеткирилип, тийиштүү документтер жасатылып, 13-июлда Москва–Ош каттамы менен мекенине жиберилген. Учурда ал туугандары менен өз үйүндө»- деп айтылат маалыматта.