13.11.2018 17:57

Россияга кеткен эмгек мигранттарынын саны боюнча Кыргызстан 4-орунду ээледи

Россияга кеткен эмгек мигранттарынын саны боюнча Кыргызстан 4-орунду ээледи

2018-жылдын башынан тартып, Россияга кеткен жарандардын саны боюнча тизмеде Кыргызстан 4-орунду ээледи. Январдан бери өлкөбүздөн 247 миң 658 адам барган. Бул туурасында «Россия мигранттарынын федерациясы» коомдук уюму билдирди.

Бул тизмеде биринчи орунду Өзбекстан ээлейт. Январдан сентябрга чейин Россияга аталган мамлекеттен 3 млн 400 миңден ашык жаран кеткен, алардын 1 млн 573 миң 791 адамы - иш издеп кеткендер.

Экинчи орунда — Таджикистан, ал жактан Россияга 1 млн 745 миң  554 адам барган, алардын 790 миң 116сы иштөө үчүн кеткендер. 

3-орунда- Украина, бул мамлекеттен 347 миң  272 адам ишке орношуу үчүн Россияга кирген.