18.09.2018 09:00

Россиянын убактылуу кармоочу жайындагы кыргызстандыктар мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

Россиянын убактылуу кармоочу жайындагы кыргызстандыктар мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

Россиянын чет өлкөлүктөрдү убактылуу кармоочу жайларында жаткан 11 кыргызстандык бекер күбөлүк алып, мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул туурасында Кыргызстандын  РФдагы Элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн бир жуманын ичинде жалпы 127 жаран Консулдук бөлүмдөн мекенге кайтууга күбөлүк алышкан. Алардын он бири аталган өлкөдө убактылуу кармоочу жайда жаткандар болгон. 

Кылмыш иштери, административдик жактан аймактан чыгаруу, РФнын аймагына кирүүгө чектөөнү алып салуу, айлык акысын төлөтүү маселелери боюнча 22 жазуу түрүндөгү арыз кабыл алынган.  2 кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча тийиштүү кеңеш берилип, документтер менен камсыздалган. Мигранттардын укуктары жана кызыкчылыктары бузулган 12 учур боюнча жерине чыгып, сүйлөшүүлөр жүргөн.