13.06.2018 16:35

«РСК Банк»: Түзүлгөн кырдаалга пенсионерлер өздөрү күнөөлүү

«РСК Банк»: Түзүлгөн кырдаалга пенсионерлер өздөрү күнөөлүү

Бишкекте бүгүн «РСК Банктын» башкы кеңсесинде түзүлгөн  кырдаал  боюнча чуу жаралды.  Анда эски карталарын жаңысына алмаштырууга келген пенсионерлер бир нече сааттап кезекте турууга аргасыз болушкан.  Банк аларга отургуч, же суу сунуш кылган эмес. Бул окуя боюнча  April.kg порталынын кабарчысы банк кызматкерлерине кайрылды.

Маркетинг бөлүмүнүн кызматкери  Сабира Майташева абалды түшүндүрүүгө аракет кылды. «Ар бир айдын 10нан кийин пенсия которулат. Ошол себептен кары адамдар дал ушул күндөрү банкка келишет.  Адамдардын көп топтолуп калышына мамлекеттин пенсионерлерди «Элкарт» улуттук картасына өткөрүп жатканы да себеп болду. Бул күндөр жаңы карта берилүүчү акыркы күндөр. мына ошон үчүн пенсионерлер жаңы карта алуу максатында банкка келип жатышат. картаны алмаштыруу зарыл экени тууралуу билдирүү 2017-жылдын аягынан бери таратылып келет.  Анда банк бөлүмүнө келип, жаңы карта алыш керек экени, пенсия ошол карточкага которулаары айтылат. Баары тең  акыркы күндөрү келип башташат. Башкы кеңседеги кезек  пенсия алуунун айынан эмес, картаны алмаштырып жаткандан болду. Ал эми, пенсияны каалаган банкоматтан ала алышат», -деди банк өкүлү.

Карта алмаштыруу зарылдыгы тууралуу пенсионерлерге кандайча кабар берилди эле деген суроого «РСК Банк» кызматкери:  «Социалдык фонддун бөлүмдөрүндө, банк бөлүмдөрүндө, ЖМКларда жана банктын сайтында бул тууралуу маалымат таратылган», - деп билдирди.

Бул абал боюнча  April.kg  порталына также «РСК Банктын»  маркетинг кызматынын менеджери Теңгелбес Мусаев дагы жооп берди.  «Мурда  пенсионерлер  “РСК Банктын” продуктусу - «Алай Кард»  менен колдончу.  Эми мамлекет аларды «Элкарт» улуттук картасына которуп жатат. Бул КР экономикалык коопсуздугун камсыздоо жана өлкөлүк тобокелдикти төмөндөтүү максатында жасалууда. Биз пенсионерлердин карталарын 2017-жылдын октябрынан бери алмаштырып келатабыз. Бул тууралуу аларга телефон менен кабарлап келгенбиз», -деди ал.

Ошондой эле, Мусаев  пенсионерлер 1-июлга дейре жаңы карта алууга тийиш экенин эскертип, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн пенсионерлерден кечирим сурады.