13.06.2018 15:08

«РСК Банктын» башкы кеңсесинде пенсионерлерден узун кезек жаралды. Соцтармактагылар ачууланышууда

«РСК Банктын» башкы кеңсесинде пенсионерлерден узун кезек жаралды. Соцтармактагылар ачууланышууда

Социалдык тармактарда кыргызстандыктар  «РСК Банкта» пенсионерлердин узун кезеги жаралып, алар көп саат бою тикесинен тик туруп, кезек күтүүгө аргасыз болгонуна нааразылыгын билдиришти. Бул туурасында Фейсбуктагы өз баракчасына «Помогать легко» коомдук фондунун жетекчиси  Динара Аляева жазып чыкты.

Ал, коом саясий жаңылыктардан тажап бүткөнүн айтып, журналисттерди пенсионерлер жөнүндө жазууга үндөдү.

Динара Аляева  бүгүн  «РСК Банктын»  башкы кеңсесинде 150дөн ашык пенсионер кезек күтүп турганын айтты.  Улгайган адамдардын чогулуп калышына – банктын  пенсия мындан ары эски карточкаларга которулбай турганын убагында эскертпей калганынан болгон. Алар ЖМКлар аркылуу кабар бергенбиз деп кутулушкан. Ал эми, картаны жаңысына алмаштыруу үчүн документтерин убагында өткөргөндөр кезектин көптүгүнөн ала албай турушту.  

«Элдер саат 8:30дан баштап кезекке туруп, саат 12:00дө да кире алышкан жок. Анысы аз келгенсип, түштөн кийин кайра талон алып кезекке туруш керек. Кары адамдар же ыйлай албай, же кетип кала албай турушту. Нааразыланып-нааразыланып, кишинин көптүгүнөн дем жетпей калган бөлмөдө кезегин күтүп кала беришти.   Алардын арыздануусуна башкаруучу: “тыгылбай, эртең деле келбейсинерби”  деп жооп кайтарды. Көп адамдарга бул акча дары-дармек сатып алууга же азык-түлүк алууга керек. Ач бала менен ток бала ойнобойт деген ушу да», - деп нааразы болду активистка.