"РСК Банктын" эки кызматкеринен коронавирус табылды

"РСК Банктын" эки кызматкеринен коронавирус табылды

«РСК Банк» АКК эки кызматкердин оору жуктурган учуру боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди. 

“Бишкек шаарындагы бир кызматкер дарыланып бүтүп, азыр үйүндө. Ал ӨА жана ӨК тартиби жарыяланган учурда үйүндө аралыктан иштеп жаткан. Чаткал районундагы филиалдагы экинчи кызматкер азыркы учурда Каныш-Кыя айылындагы ооруканада дарыланып жатат. Алар жамаат менен дагы, банктын кардарлары менен дагы байланышкан эмес. Бүгүнкү күнү РСК Банктын башка кызматкерлеринде инфекция менен ооруган учур жок”, – деп билдирди “РСК Банк”.

Банк штаттык тартипте иштеп жатат жана калкка финансылык кызмат көрсөтүүнү улантууда. Кызматкерлер бардык зарыл болгон коргоо каражаттары менен камсыз кылыган. Бардык кеңселерде бөлмөлөрдү санитардык тазалоо күн сайын жүргүзүлөт.

Эске салсак, мурдараак саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 8-майдагы эртең мененки онлайн маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып, банкта иштеген эки кызматкер коронавирус жуктуруп алганын айткан болчу.

“2 кызматкер тең «РСК банк» банкынын кызматкерлери. Алардын бири Бишкек шаарында (эркек киши). Ага бейтап менен байланышканда оору жугуп, учурда айыгып ооруканадан чыккан. Экинчи бейтап Жалал-Абаддын Чаткал районундагы филиалдын кызматкери”, - деп маалымат берген.

Буга чейин министрдин орун басары Чаткалда маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда массалык түрдө оору жукканын айткан болчу.