18.09.2018 17:59

Рязань облусунда жол кырсыгына кабылып, каза тапкан аялдын сөөгү бүгүн Кыргызстанга жиберилет

Рязань облусунда жол кырсыгына кабылып, каза тапкан аялдын сөөгү бүгүн Кыргызстанга жиберилет

Эки күн мурун Орусиянын Рязань облусунда жол кырсыгына кабылып каза тапкан 51 жаштагы кыргыз аялдын сөөгү бүгүн мекенине жиберилет. Бул тууралуу Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын РФдагы өкүлчүлүгүнүн кайрымдуулук фондунан кабарлашты.

Айтымдарында, маркумдун сөөгүн Кыргызстанга кечээ жиберишмек. Бирок, жолдошунун билети жок болуп калып, бүгүнкүгө калтырылган.

«Сөөктү жеткирүүгө 100 миң сомдой акча керек болуп, аны Москва-Украина каттамындагы айдоочулар жамааты чогултулуп беришти», - деп билдиришти фонддон.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда Рязань облусунда жол кырсыгы катталып, андан 51 жаштагы кыргыз аял  каза тааап, айдоочу жана 6 жүргүнчү ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан.