Сагынбек Исмаилов Антикоррупциялык кызматтын директору болуп дайындалды

  кадрдык дайындоолор (3 материала)
Сагынбек Исмаилов  Антикоррупциялык кызматтын директору болуп дайындалды

Сагынбек Исмаилов Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Исмаилов Сагынбек Сардарбекович КРнын  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  Антикоррупциялык кызматынын директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Исмаилов Сагынбек Сардарбекович 1963-жылы 18-июлда  Фрунзе шаарында төрөлгөн. 

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.