Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду
Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйруктун негизинде «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри Авазов Салайдин Абдивалиевич берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.
Учурда Салайдин Авазов - камакта. Мэрлик кызматка чейин «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору болуп эмгектенген Салайдин Авазовду МУКК 17-апрелде ЖЭБдеги авариянын келип чыгышы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: