19.03.2018 13:39

Салык кызматы дем алышсыз жана түнгө дейре иштөөнү чечти

Салык кызматы дем алышсыз жана түнгө дейре иштөөнү чечти

Салык органдары Бирдиктүү салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала башташты.  Эми жарандар 19-марттан 31-мартка чейин  майрам жана дем алыш күндөрдү кошкондо, эртен мененки саат 09.00дөн  түнкү 00:00го чейин салык органдарына кайрылып, декларация тапшыра алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул кадам жумуш убактысына байланыштуу декларация тапшырууга жетишпей жаткан салык төлөөчүлөрдү эске алуу менен жасалды. 

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Аталган мөөнөткө чейин Бирдиктүү салык декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Толук маалыматты Салык кызматынын 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.