20.03.2018 09:40

Салык кызматы эки айда 12,5 млрд сом салык чогултту

Салык кызматы эки айда 12,5 млрд сом салык чогултту

Салык кызматы эки айда 12,5 млрд сом салык чогултту. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет. 

2018-жылдын январь-фвраль айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 12 млрд 539,5 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Коюлган план 102,7 %га аткарылып, 331,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 1,1 млн сомго жогорулаган же өсүү ыргагы 109,6 %ды түздү.