31.10.2018 11:33

Салык кызматы бир ай ичинде 1 миңден ашык жаранга айып салды

Салык кызматы бир ай ичинде 1 миңден ашык жаранга айып салды

Сентябрь айында унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 405 рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүгү үчүн 1,7 млн сом өлчөмүндө 1031 субьектке административдик айып салынган. Анын ичинен 1,4 млн сому бюджетке өндүрүлдү. 

Эскерте кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү аныктоо бул жылы 4-сентябрда аяктады.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөндөр үчүн административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөмүнүн ар бир өтүп кеткен күнү үчүн туум эсептелет. 

Салык кызматы унаа салыгын төлөөгө жетишпей калган унаа ээлерин туумдун эсептелишинен качуу үчүн азыр да болсо төлөөгө чакырат.

Мамлекеттик кызмат бул өндүү  рейддик иш-чаралар уланаарын белгилейт.