14.03.2018 09:48

Салык кызматынын беш кызматкери кызматтан бошотулду

  кызматтан алуу (1 материал)

Салык кызматынын беш салыкчысы ишеничтен кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов кол койду. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Салыкчылар кызыкчылыкка ээ тарап катары, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу боюнча өз убагында тийиштүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн, ошондой эле УКМК тарабынан кылмыш иши козголгондугу жана бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу жана уурдоо фактылары боюнча айып тагылгандыгы үчүн ээлеген кызмат ордунан бошотулушту.