22.06.2018 13:35

Салыкчыларга көмүскө иштеген тигүү цехтери менен соодагерлерди табуу тапшырылды

Салыкчыларга көмүскө иштеген тигүү цехтери менен соодагерлерди табуу тапшырылды

«Ишмердүүлүгүн токтотумуш болуп, салык төлөөдөн качкан ишкерлерди аныктап, салык салуу керек», -деп билдирди Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы салык органдарынын эмгек жамааты менен жолугушуу учурунда. 

Анын айтымында, базардагы ишкерлер салыктан качып, ишмердүүлүктү токтотуу боюнча арыз жазышат да, патент алышпайт, бирок, иш жүзүндө ишмердүүлүгүн уланта берген учурлар болот. «Мындай фактыларды аныктап, салык салуу керек», – дейт ведомство башчысы.

Жыл башынан берки мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча салык органдарынын иштерин талкуулоонун жүрүшүндө төрага Т.Абжапаров июнь айына коюлган болжолдук планды 100 пайызга аткаруу боюнча зарыл болгон чараларды кабыл алууну, ошондой эле, салык боюнча жылдык планды аткаруу үчүн кошумча булактарды жана базаны табууну талап кылды.

Мындан улам,  ведомствонун башчысы ар бир базар боюнча талдоо жүргүзүүнү, ар ай сайын соода орундарынын санын текшерүүнү жана аларды базар администрациясынын маалыматы менен салыштырууну тапшырды.

Мындан тышкары, салыктарды төлөө, анын ичинде ири соода-базар комплекстеринин жана базар ээлеринин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү үчүн салык төлөө маселесин туруктуу контролго алууга чакырды. “МСКнын алдында салык төлөөчүлөрдүн бардыгы бирдей, ким салык төлөөгө тийиш болсо, аны мыйзамда белгиленген мөөнөттө аткарыш керек жана кол тийбестер болбош керек”, - деп белгиледи.

Анын айтымында, Бишкек шаары жана Чүй облусу мамлекеттик бюджеттин 80% түшүүлөрүн камсыз кылат, анткени бул жерде ишкердик иштер кеңири жайылтылган.

Ошондой эле, Салык кызматынын жетекчиси тигүү цехтеринин ишине өзгөчө көңүл буруп, алар толугу менен салыктык эсепке алынбагандыгы жана көпчүлүгү жашырын иштеп, салык төлөбөй жаткандыгын баса белгиледи. Анын айтымында, борбордун жана Чүй облусунун салык органдарында расмий түрдө 770 тигүү цехи катталган жана 7,5 миң адам эмгектенет, ал эми чындыгында мындай цехтердин жана бул чөйрөдө иштеген адамдардын саны Жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын маалыматы боюнча берилген статистикалык маалыматтардан бир канча эсеге көп.

Ушуга байланыштуу,Т.Абжапаров салыкчыларга жашыруун тигүү цехтерин табуу боюнча ишти дароо уюштурууга жана аларды, ошондой эле, андагы иштеген адамдарды салыктык эсепке алууга тапшырма берди.